АТ ЖАЛЫНАН ТАБУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өзү мээнет кылбай оңой-олтоң, жеңил-желпи жан багуу, көбүнчө бирөөлөрдүн эсебинен пайда көрүү, жан кыйнабоо. Ат жалынан тапканга башынан көнүп калган Ыбыке Кытай жерине келгенде да жөн жатпай, Көк-Терек өрөөнүндөгү Эркесары тукумуна чыгым салыптыр (Элебаев).